Жайыл районунун Кара-Балта шаарынын айланасында жай жана күз айларында өзгөчө өсүмдүк көп өсөт. Күбөлөрдүн айтымында, бул тикенектүү, жерге төшөлүп өскөн бадал экен.

Эң кызыгы, адегенде ак ири гүлдөр пайда болуп, андан соң кара-жашыл түстөгү узунча мөмөлөргө айланат. Алар кичинекей дарбыздарга окшош. Кийинчерээк жарылып, ичиндеги кызыл түстүү бөлүгүн көрсөтүп, уруктарын сыртка чачат. Мындан он жыл мурун мындай өсүмдүк такыр кездешчү эмес.
Жаратылыш сүйүүчүсү Николай Радченко

Биолог адис Ирина Стежконун айтымында, бул өсүмдүк — каперсник чөптүк. Ал — сүйрү жалбырактуу, эттүү мөмөлүү, жерге төшөлүп өскөн тикенектүү бадал.

Бышкан мөмөсү жарылып, ички эттүү бөлүгүндөгү көптөгөн уруктарын ачыкка чыгарат. Бул бадал кургакчыл аймактарда, таштак беттерде жана шор жерлерде өсөт. Мөмөлөрү жегенге жарамдуу, бир аз таттуу даамга ээ. Бышпаган мөмөлөрү салттуу түрдө консерваланып, ачуу татымал катары колдонулат. Бул дүкөндөрдө сатылган ошол каперстер.
Биолог Ирина Стежко

Адис маринаддалган каперстердин курамында флаваноиддер боюнча рекорддук көрсөткүч бар экенин, ошондой эле С, А, Е, РР витаминдеринин жана В тобунун толук түрдө камтылганын белгиледи. Анын курамында темир, калий, кальций, магний, йод, цинк жана селен да бар.