Айбек Мамбетказиев 14-август күнү Панфилов району боюнча биринчи орун басар акимдин кызматынан өз каалоосу менен кетти. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрация маалымдады.
Ал 2025-жылдын декабрынан баштап ушул кызматта иштеп келген.
Айбек Мамбетказиевдин өмүр баяны жана эмгек жолу
Айбек Мамбетказиев 1984-жылдын 6-декабрында Казакстандын Жамбыл облусунда туулган. Үй-бүлөлүү жана төрт баланын атасы.
- 2011-жылы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба университетин ветеринардык врач адистиги боюнча аяктаган
- 2014-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясын бүтүргөн
- 2011-2016-жылдары Кемин районунун Кара-Булак айыл өкмөтүндө ветеринар болуп эмгектенген
- 2016-2019-жылдары Кемин райондук балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорт мектебинде машыктыруучу, орун басар жана директор болуп иштеген
- 2019-2024-жылдары Кемин районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы жана башчысы болуп эмгектенген
- 2024-жылдан бери Кемин районунун Кичи-Кемин айыл өкмөтүн жетекчилеген
Ал ошондой эле Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматында «Отличник» төш белгисине жана Чек ара кызматынын «Карегиндей Мекен чеги» төш белгисине ээ болгон.










