Кыргызстанда күздүк дан эгиндерин себүү өнөктүгү улантылууда. Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, пландалган 200 миң гектардын 61 миң 825 гектарына себилген, бул көрсөткүч 30,9%ды түзөт.

Себилген аянттар

61 825гектар (жалпы)
59 520гектар күздүк буудай
2 323гектар күздүк арпа

Күздүк буудай 59 миң 520 гектарга, күздүк арпа 2 миң 323 гектарга себилди. Буудайдын ичинен сугат жерлеринде 51 миң 620 гектар, кайрак жерлерде 7 миң 600 гектар ээледи. Арпа боюнча сугат жерлеринде 2 миң 293 гектар, кайрак жерлерде 30 гектар түздү.

Министрлик белгилегендей, күздүк дан эгиндерин өз убагында себүү кийинки жылдын түшүмүн камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт.