Азат Расахан уулу Кара-Суу айыл аймагынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Кочкор районунун акиминин буйругу менен расмий түрдө жарыяланды.

Мурдагы жетекчи Карбозов Алайбек Качкынович кызматтан өз каалоосу менен кеткен. Азат Расахан уулу 15-июлдан тарта жаңы кызматка киришти.

Азатты Кочкор районунун акими Баялы Досалиев жумуш коллективине тааныштырып, жергиликтүү аксакалдар анын кызматында ийгилик каалаган ак батасын беришти.

Азат Расахан уулунун өмүр баяны

Азат Расахан уулу 1995-жылдын 17-октябрында Кочкор районунун Мантыш айылында туулган. 2013-жылы Кызыл-Дөбө орто мектебин аяктаган.

2013-2017-жылдары Бишкек Финансы-экономикалык академиясында «Экономика» адистиги боюнча билим алып, 2017-жылдын июнь айында экономика багыты боюнча бакалавр даражасын алган.

Эмгек жолу

  • 2017–2019: "Таза Коом" мамлекеттик ишканасында оператор болуп эмгектенген.
  • 2020–2022: "Мантыш-Булак" айылдык суу чарба кооперативинде бухгалтер кызматын аткарган.
  • 2021–2024: Кара-Суу айылдык Кеңешинин депутаты болгон.