28-октябрь 2026-жылы Чүй райондук мамлекеттик администрациясы №319 буйрукка кол коюп, Абыл Кавакбекович Джапаркуловду Бурана айыл өкмөтүнүн башчысы кылып дайындады. Бул кызмат орду буга чейин бош турган.

Абыл Джапаркулов 1983-жылы 24-апрелде Чүй облусунун Токмок шаарында туулган. Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Билими

2000–2005-жылдары Бишкек гуманитардык университетинен экономист адистиги боюнча билим алган.

Эмгек жолу

  • 2007–2013 — Токмок шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт боюнча башкы адиси
  • 2013–2015 — «Токмок Водоканал» муниципалдык ишканасынын суу түтүктөрү тармагынын участок башчысы
  • 2015–2016 — «Токмок Водоканал» муниципалдык ишканасынын техникалык коопсуздук жана жабдуулар боюнча инженери
  • 2016 — КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине караштуу мамлекеттик ишкананын башкы бухгалтеринин орун басары
  • 2017–2018 — КР ӨЭЖКМК караштуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын «Кара-Кече» филиалынын башкы директорунун жардамчысы
  • 2024–2025 — «Чүй Водоканал» муниципалдык ишканасынын жайыт маселелери боюнча адиси
  • 2025-жылдан — Кен-Булун айыл өкмөтүнүн башчысы

Мындан тышкары, 2016–2021-жылдары Токмок шаардык кеңешинин депутаты болгон.

Абыл Джапаркулов Чүй районунун Бурана айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды
Turmush маалыматы боюнча