Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Мохсен Резаи АКШ тарабынан Иранга каршы жаңы согуш башталып калса, Американын Батыш Азиядан Европага чейинки бардык аскердик базалары Иран Исламиялык Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн мыйзамдуу максаты болорун билдирди.
Агрессорлор үчүн эч кандай коопсуз аралык же коопсуз баш пана болбойт, ошондой эле агрессорлордун базалары үчүн эч кандай кол тийбестик сакталбайт.
Ошол эле учурда Ирандын парламентинин төрагасы Мохаммад Багер Галибаф согуштун географиясын бул жолу Ирандын куралдуу күчтөрү аныктай турганын белгиледи.
Ал Исламиялык Иран Революциялык күзөтчүлөрКорпусунун (КСИР) Аба жана космос күчтөрүнүн жаңы ракеталык шаарын тааныштыруу Иран элинин өлкөнүн көз карандысыздыгын, коопсуздугун жана аймактык бүтүндүгүн коргоо ниетин көрсөткөнүн айтты. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн окумуштуулардын жана инженерлердин көп жылдык эмгеги жумшалганын кошумчалады.
Буга чейин Тегеран ракеталардын учуу аралыгына коюлган чектөөлөр алынып салынганын билдирген. Ошондой эле Европа өлкөлөрүнүн аймагына жана Украинанын шаарларына ракеталык сокку уруу мүмкүн болгон карта көрсөтүлгөн.
Reuters агенттиги төрт булакка таянып, АКШ Жакынкы Чыгышта Иранга кыска мөөнөттүү убакыттын ичинде сокку уруу үчүн жетиштүү күчтөрдү топтоп жатканын билдирди.











