12-ноябрда Бишкек шаарындагы «Ак-Кеме» мейманканасында «Борбордук Азия – Кытай» курулуш министрлеринин экинчи конференциясынын алкагында өзгөчө көргөзмө өттү. Анда Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан ири курулуш долбоорлорунун макеттери, архитектуралык чечимдери мультимедиялык экрандар жана заманбап санариптик жабдуулар аркылуу презентацияланды.
Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев делегация башчыларын көргөзмө менен тааныштырып, өлкөдө, анын ичинде туристтик аймактарда жүрүп жаткан маанилүү инфраструктуралык долбоорлор тууралуу маалымат берди. Ошондой эле ал Кыргызстандын климаттык өзгөчөлүктөрү жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен бөлүшүп, чет элдик өкүлдөрдү өлкөгө келип кетүүгө чакырды.
- Кытай Эл Республикасынын турак жай, шаардык жана айыл-чарба курулуш министри Ни Хун
- Казакстан Республикасынын өнөр жай жана курулуш министри Ерсайын Нагаспаев
- Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш комитетинин төрагасы Низом Юсуфи Мирзозода
- Түркмөнстандын курулуш жана архитектура министри Абдулла Гелдиев
- Өзбекстан Республикасынын курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба министри Шерзод Хидоятов
Бул көргөзмө Кыргызстандын курулуш тармагындагы жетишкендиктерин, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн жана долбоорлорун эл аралык өнөктөштөргө таанытууга багытталган.


















