Кыргызстандын жашоочуларынын арасында үй-жайды жана транспорт каражаттарын камсыздандыруу эң көп сунушталган кызматтар болуп саналат. Бул тууралуу «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков айтты.
Анын айтымында, мамлекеттик уюмдан тышкары өлкөдө болжол менен 15-16 жеке камсыздандыруу компаниясы иш алып барат. Бирок, үй-жайны камсыздандыруу менен бир гана мамлекеттик уюм алектенет.
Акыркы убакта аймактардагы жарандардын үйүн камсыздандырууга болгон кызыгуусу өсүп жаткандыгы белгиленди. Бул аракеттер табигый кырсыктар же өрт чыккан учурда камсыздандыруу төлөмдөрүн алуунун жалгыз мыйзамдуу жолу болуп саналат.











