Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу кызматы «Майлуу-Суу индустриалдык парки» ААКсын табигый монополиялардын мамлекеттик реестрине киргизди. Бул боюнча 2026-жылдын 28-октябрында №87 буйрукка кол коюлган.

Ишкана темир жол бутактарын пайдаланууга берүү кызматтары үчүн реестрге киргизилди. Мындан ары аталган кызмат көрсөтүүлөр үчүн бааларды жөнгө салуу ыкмасы колдонулат. Жөнгө салуу Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарчасындагы ишкананын ишмердүүлүгүнө тиешелүү болот.

Жалал-Абад облустук антимонополиялык кызматтын бөлүмүнө кабыл алынган чечим тууралуу ишкананы 10 жумушчу күндүн ичинде кабарлоо жана анын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу боюнча чараларды көрүү тапшырылды. Ошондой эле, бул буйрукту 30 күндүн ичинде даттанууга мүмкүнчүлүк берилет.

  • 2026-жылдын 28-июлу — Министрлер Кабинети «Майлуу-Суу лампа заводу» ААКсынын базасында индустриалдык парк түзүү жөнүндө №571-т тескемесин иштеп чыккан

Индустриалдык парк Ноокен районунун Майлуу-Суу жана Шамалды-Сай шаарчаларындагы жер участокторун, имараттарды жана курулуштарды камтыйт. Парктын башкаруучу компаниясы катары «Майлуу-Суу лампа заводу» ААК аныкталган.