Үй-жайды милдеттүү камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдү алуу мөөнөтү тууралуу «ГСО» ААКтын башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков түшүндүрмө берди. «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында ал камсыздандыруу акысы төлөнгөн убакыттан канча убакыт өткөнүнө карабастан, камсыздандыруу окуясы болгон учурда компенсация төлөнөрүн белгиледи.
Эгерде адам камсыздандырууну кечээ төлөсө, ал эми бүгүн табигый кырсык же өрт чыкса, биз камсыздандыруу окуясы боюнча компенсацияны төлөй алабыз. Биз үчүн төлөмдөн канча убакыт өткөнүнүн мааниси жок.
Төлөмдөрдүн өлчөмү жана баасы
Камсыздандыруунун баасы жана компенсациянын максималдуу өлчөмү жашаган жердин түрүнө жараша айырмаланат.
Төлөмдөрдүн суммасы жашаган аймакка жараша төмөнкүдөй белгиленген.









