Келечектеги кесиптер форум-көргөзмөсү «Ырыс Ордо» конгресс-холлунда өтөт. Иш-чаранын максаты — жаштарды келечектүү кесиптер менен тааныштыруу, кесиптик багытты аныктоого жардам берүү жана билим алуу, жумушка орношуу жана кесиптик өсүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алуу.
Форумга студенттер, жаш адистер, билим берүү уюмдары, иш берүүчүлөр, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эл аралык өнөктөштөр чогулат. Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим жана инновациялар министрлиги уюштурат.
Катышуучулар билим берүү программалары, гранттар жана стипендиялар, бош орундар жана стажировкалар, ошондой эле эл аралык окутуу жана кесиптик өнүктүрүү программалары тууралуу маалымат ала алышат. Форумдун алкагында жасалма интеллект, робототехника жана инженериядан баштап, энергетика, медицина, финансы, айыл чарба жана туризмге чейинки ар кандай тармактарды камтыган тематикалык зоналар уюштурулат.
Ошондой эле жаштар стартаптарына, практикалык мастер-класстарга, заманбап технологиялардын демонстрациясына жана иш берүүчүлөр менен түз байланышууга өзгөчө көңүл бурулат. Программага бизнес жана билим берүү сессиялары, эксперттер менен жолугушуулар жана «Жаратман МУУН» жаштар долбоорлорунун сынагы кирет.
Форумдун негизги багыттары
- Жасалма интеллект жана робототехника
- Инженерия жана энергетика
- Медицина жана финансы
- Айыл чарба жана туризм
- Жаштар стартаптары жана эл аралык программалар




















