Ноокен районунун Шайдан аймагында жаран унаасында ок атуучу куралды тийиштүү уруксат документтерисиз ташып баратканы аныкталды. Бул тууралуу Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын биоресурстарды көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери менен Жалал-Абад облустук башкармалыгынын биргелешкен рейди учурунда белгилүү болду.

Окуя болгон жерде тийиштүү материалдар түзүлүп, жаранга Укук бузуулар кодексине ылайык анчылык эрежелерин бузгандыгы үчүн 12 500 сом айып пул салынды.

Мындан тышкары, ок атуучу куралга байланыштуу жагдайларга укуктук баа берүү жана мыйзам алкагында андан аркы чараларды көрүү үчүн материалдар Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Рейд кандай өттү

Рейд иш-чарасы Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын биоресурстарды көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери жана Жалал-Абад облустук башкармалыгы тарабынан биргеликте өткөрүлдү.