Бүгүн, 28-октябрда, Баткен облусунда «Жаштардын достук көпүрөсү: тынчтык, ынтымак жана кызматташтык» аталышындагы эл аралык жаштар форуму башталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Форумга Тажикстандын Согди облусунан жана Өзбекстандын Фергана облусунан делегациялар келишти. Согди облусунун делегациясын Баткен районундагы «Кызыл-Бел» өткөрүү пунктунда, ал эми Фергана облусунун делегациясын Кадамжай районундагы «Кайтпас» өткөрүү пунктунда тосуп алышты.
Коңшу мамлекеттерден келген жаштарды жергиликтүү жетекчилер жана тиешелүү өкүлдөр тосушту. Форумдун расмий бөлүгү Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрында өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева, Өзбекстандын Фергана облусунун башчысынын орун басары Хуршеджон Ахмедов, Тажикстандын Согди облусунун өкүлү Одил Болтаев жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева катышты.
Форумдун алкагында жаш кол өнөрчүлөрдүн жана өндүрүүчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси уюштурулду. Катышуучулар жаштардын коомдогу орду, мамлекеттер аралык достук мамилелерди чыңдоодогу ролу жана өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мааниси тууралуу пикирлерин билдиришти.
Ийгиликке жетишкен жаштар өздөрүнүн ишмердүүлүгү, жетишкендиктери жана тажрыйбалары менен бөлүштү. Ошондой эле Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын жаштарынын ортосундагы байланышты бекемдөө, биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу боюнча сунуштар айтылып, колдоого алынды.
Катышуучуларга майрамдык маанай тартуулоо максатында концерттик программа да уюштурулду.






























