Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Улан Маматканов Шанхай кызматташтык уюмунун (ШОС) Жаштар Кеңешинин жыйынына катышты.
Жыйынды ачып жатып, Маматканов жаштардын туруктуу өнүгүүнү камсыздоодо жана инновацияларды илгерилетүүдө маанилүү ролу бар экенин белгиледи. Ал жаштар арасында санариптик көндүмдөрдү, инновациялык ой жүгүртүүнү жана ишкердик өнүктүрүүнү калыптандыруу мамлекеттердин ийгиликтүү өнүгүүсүнүн негизги факторлору катары маанилүү экенин айтты.
ШОСтун мүчө-мамлекеттеринин билим берүү, илим жана инновациялар чөйрөсүндөгү кызматташтыгын кеңейтүү маселелери талкууланды. Атап айтканда, жасалма интеллект, санариптик технологиялар, робототехника, медицина жана экология тармактарындагы биргелешкен жаштар долбоорлору жана илимий изилдөөлөргө басым жасалды.
Мындан тышкары, тоолуу экосистемаларды жана суу ресурстарын коргоого багытталган жаштардын экологиялык долбоорлору жана волонтердук программаларын өнүктүрүү демилгеси каралды. Кыргыз Республикасында тоолук аймактарды туруктуу өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүшүнө ылайыкталуу боюнча ШОСтун жаштар экологиялык форумдарын өткөрүү сунушталды.












