Кыргызстандын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги кабарлагандай, Ысык-Көл облусунда ушул жылдын 29-июлунда Кыргызстандын жана Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ректорлоруна арналган III Форум өтөт.

Форумдун темасы — "Кыргызстандын жана Өзбекстандын университеттеринин стратегиялык өнөктөштүгү: инновациялык кызматташтык моделдери, академиялык интеграция жана жогорку билим берүү, илим менен инновацияларды өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү".

Иш-чарага эки мамлекеттин жогорку окуу жайларынын жетекчилери, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана илимий-академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү катышат.

Форумдун алкагында пленардык жыйын өтүп, кыргыз-өзбек жогорку окуу жайларынын кызматташтыгын бекемдөө боюнча меморандумдар жана келишимдер түзүлөт. Ошондой эле студенттик стартаптарды көрсөтүү, билим, илим жана бизнес интеграциясы, академиялык мобилдүүлүк, биргелешкен программаларды жана илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү боюнча панелдик сессиялар уюштурулат.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин орун басары Улан Маматканов форумда сөз сүйлөдү. Ал билим берүү жана илим кызматташтыгы Кыргыз менен Өзбекстандын стратегиялык өнөктөштүгүнүн маанилүү бөлүгү экенин, билим, инновация жана адам ресурстары мамлекеттердин өнүгүшүндөгү негизги факторлор экенин белгиледи.

Улан Маматканов университеттер илимий изилдөөлөр борборлору болуп, кесипкөй кадрларды даярдоо жана заманбап технологияларды өнүктүрүүдө маанилүү роль ойношу керектигин айтты. Ал академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүүнү, биргелешкен окуу программалар менен илимий долбоорлорду ишке ашырууну жана эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосунда өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнү баса белгиледи.