Мамлекет башчысы бүгүн Талас облусуна жумушчу сапар менен барат. Сапардын алкагында ал аймактын тургундары менен жолугушат.
Ошондой эле Садыр Жапаров жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринен облустун учурдагы социалдык-экономикалык абалы жана аны мындан ары өнүктүрүү келечеги тууралуу маалыматтарды угат.
Сапардын негизги окуясы — Талас шаарындагы борбордук «Талас Арена» стадионунун салтанаттуу ачылышы. Президент аземге катышып, жаңы спорттук объекттин ишке киришине күбө болот.
Сапардын башка чоо-жайы азырынча айтыла элек.































