Бишкек шаарында өтүп жаткан Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин ЖМК жана аналитикалык борборлор форумунда эксперттер учурдун негизги маселелерин жана чакырыктарын талкуулап жатышат. Жыйындын жүрүшүндө жасалма интеллект доорунда келечектеги процесстерди алдын ала болжолдоо маселеси өзгөчө баса белгиленди.
ТАСС агенттигинин башкы директорунун орун басары Марат Абулхатин “Кабар” агенттигине берген маегинде белгилегендей, жасалма интеллекттин тез өнүгүшү жана жаңы глобалдык чакырыктардын пайда болушу шартында, болгон окуяларды талдоо гана эмес, келечектеги процесстерди алдын ала айтуу жөндөмү да актуалдуу болууда.
Бул форум Бишкекте биринчи жолу өтүп жатат. Аны Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги жана Кытайдын “Синьхуа” маалымат агенттиги уюштурган. Иш-чарага 26 өлкөдөн 250гө жакын өкүл, анын ичинде алдыңкы маалымат агенттиктеринин жетекчилери, ЖМК өкүлдөрү, аналитикалык борборлор, илимий институттар, мамлекеттик органдар жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.
Форумдун темасы – «Жаңы доордогу ШКУ: өз ара түшүнүшүүдөн практикалык кызматташтыкка». Пленардык отурумдардын жана тематикалык сессиялардын алкагында катышуучулар эл аралык маалыматтык кызматташтыкты өнүктүрүү, медиа чөйрөнүн санариптик трансформациясы, гуманитардык өз ара аракеттенүү жана глобалдык маалымат мейкиндигинин заманбап чакырыктарын талкуулашты.
Эксперттин айтымында, мындай форматтагы жолугушуулар маанилүү роль ойнойт, анткени алар тажрыйба алмашууга жана актуалдуу маселелерди чечүүгө биргелешкен ыкмаларды иштеп чыгууга өбөлгө түзөт.






