Бишкек шаарында жол кырсыгы болду. Айдарбеков көчөсүндө №55 маршруттуу Zhongtong автобусу Chevrolet Cobalt унаасына кагылып кеткен. Бул тууралуу «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы билдирди.
Кырсык болжол менен саат 11:45те №485 үйүнүн маңдайында болгон. Автобус Chevrolet Cobalt унаасына кагылгандан кийин, ал унаа Toyota Wish автоунаасына кагылып, андан ары жылган. Кырсыктын кесепетинен Chevrolet Cobalt унаасынын айдоочусу жаракат алып, ооруканага жеткизилген.
Маалыматты шаардык транспорт департаменти тастыктады. Кырсык болгон жерден видеолор да таралууда.







