Балыкчы шаарындагы бир үйдүн тургундары курулушчунун карамагындагы кылмыш ишинен улам бир нече жылдан бери өз батирлерине документ ала албай келишет. Бул маселе Президенттин Иссык-Көл облусунун тургундары менен болгон жолугушууда көтөрүлдү.

Тургундардын бири Эржан Нурбек уулу 2021-жылы «Раян Билдинг» компаниясы салган үйдүн ичине 32 үй жайгашканын айтты. Бирок 2023-жылы курулушчунун башка бүтпөгөн объекттери боюнча мыйзам менен көйгөйлөрү жаралгандыктан, бул үйдөгү бардык батирлер камакка алынган. Натыйжада адамдар техникалык паспорт ала албай жана үйүн өз атына каттай албай жатышат.

Балыкчыдагы үй тууралуу маалымат

32үй жайгашкан
17батир документ алган
15үй документсиз калган

Курулуш министри Нурдан Орунтаев «Раян Билдинг» компаниясынын алдамчылык менен алектенгенин тастыктады. Анын айтымында, компания Бишкек жана Кант шаарларында котлован казуу этапта адамдардан акча чогултуп, бирок үйлөрдү бүтүрө алган эмес. Ушул кылмыш ишинен улам Балыкчыдагы жашап жаткан үйлөр да жалпы камакка алынып калган.

Садыр Жапаров Курулуш министрлигине маселени чечип, тургундарга документтерди берүүнү тапшырды. Ошондой эле Президент компаниянын жетекчисинин кайда экенин сурады. Маалымат боюнча, компаниянын жалгыз негиздөөчүсү Айжан аттуу айым үй камагында турат жана ал эми алдамчылыкка кабылган жарандарга акчаны кайтарып берген эмес.