Бишкек шаарында жүргүнчү автобусу Ички иштер министрлигинин Коопсуздук кызматынын кызматтык унаасы менен кагышты. Бул тууралуу «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы билдирди.

Кырсык 8-ноябрда саат 10:25дө болгон. Ал Киев жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, №104 маршрут боюнча жүргөн Zhong Tong маркасындагы автобустун айдоочусу Киев көчөсү менен батыш тарапка баратканда, ИИМдин Коопсуздук кызматынын кызматтык унаасы менен кагышкан.

Авариянын натыйжасында эч ким жаракат алган жок.

Кырсык фактысы Мамлекеттик жол кыймылынын контролдоо кызматы тарабынан катталды. Учурда окуянын себептерин аныктоо боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат.