Бишкек шаарындагы Токтогул көчөсүндө, Акиев көчөсү менен кесилишкен жерге жакын жерде, Mercedes-Benz Sprinter микроавтобусу катышкан жол кырсыгы катталды. Окуянын кесепеттери тартылган видео социалдык тармактарга жарыяланды.

УПСМнын маалыматы боюнча, айдоочу Токтогул көчөсү менен батыш багытында келе жатып, унаа башкарууну жоготуп, жолдун чегинен чыгып, тротуарга өтүп, турак жайдын жанындагы бакты сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен эч ким жабыркаган жок. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, айдоочунун абалы канааттандырарлык, ал медициналык жардамга кайрылган эмес.

Унаа айып короого жеткирилди. Кырсыктын себептери жана кесепеттери такталууда.