Жети-Өгүз районундагы Саруу айылы өзүнүн бай тарыхы жана эмгекчил тургундары менен айырмаланат. Бул конуштун тарыхый тамырлары XIX кылымга чейин созулат. Аксакал Жениш Жаркынбаевдын маалыматы боюнча, айылдын калкы бул жерге 1870-жылдары жайгашкан.
1870-жылдары биз Саруу аймагына келип, турукташканбыз. Ал кезде бул жерде хан Боронбай жашаган. Биздин атабыз Мамажан волость башчысы Чыныбай менен макулдашып, ушул аймакка конушкан.
Айылдын тарыхында мал чарбачылыгы жана дыйканчылык негизги ишмердүүлүк болуп келген. Совет доорунда айылда Куйбышев атындагы чарба уюштурулуп, өспүрүм этектерди өстүрүү багыты өнүккөн. Ошондой эле уй, ат, кой жана чочкону багуу иштери жүргүзүлгөн. Саруу ошол кездеги райондун алдыңкы чарбаларынын бири болгон.
Бүгүнкү күндө Саруу айылынын тургундары дыйканчылык жана бакчачылык менен алектенип, айыл чарбасын өнүктүрүүгө умтулушууда. Акыркы жылдары айылдын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча бир катар иштер жүрүп жатат. Ички жолдор оңдолуп, социалдык объекттер курулууда. Мисалы, айылда 500 орундуу жаңы мектеп курулуп, пайдаланууга берилди.
Айылдын өнүгүүсүнө жерден чыккан мекендештер да чоң салым кошуп келишет. Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Алишер Нурбек уулунун билдирүүсүнө караганда, Сарууну өнүктүрүү үчүн инфраструктураны жакшыртуу жана айыл чарбасын колдоо иштери улантылат.












