Бишкек шаарында мектеп окуучулары арасында өткөн «Манас оюндарынын» алкагындагы кыргыз күрөшү боюнча республикалык мелдештерде Ат-Башы районунун өспүрүмдөрү ийгиликтерди жаратышты. Бул мелдештер үч этаптан турган: алгач райондук, андан кийин облустук тандоо жана акыркы республикалык этап катары уюштурулган.
Ат-Башы районунан катышкан үч күрөшчүлөр өзүнүн салмак категориялары боюнча орундарды ээлеп алышты.
Жеңиш орундары
Жеңүүчүлөрдүн маалыматы төмөндөгүдөй:
- Нурсаида Рахатбекова— кыздар арасында 40 кг чейинки салмак категориясында 1-орунду алды
- Айсултан Жээнтаев— балдар арасында 40 кг чейинки салмак категориясында 2-орунду ээледи
- Азирет Иминов— 52 кг салмак категориясында 3-орунду алды
Жеңиш орундарын алган окуучулардын экөө Казыбек айылынан, бири Ат-Башы айылынан чыккан. Спортчулорду даярдаган машыктыруучулар — Нурсаида менен Азиреттин машыктыруучусу Токтомуш уулу Жаныбек, ал эми Айсултандын машыктыруучусу Бакыт Садыков.













