Бишкек мэриясынын маалыматы боюнча, инструктажды Ленин райондук өрт өчүрүү кызматынын кызматкери, майор Салмоорбек Манапов өткөрдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө кызматкерлерге өрт коопсуздугунун негизги талаптары, өрт чыккан учурдагы аракеттердин тартиби, эвакуация эрежелери жана алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттарды колдонуу тартиби эскертилди.
Өзгөчө көңүл өзгөчө кырдаалдарга өз убагында чара көрүүгө, сактык чараларын сактоого жана борбордогу кызматкерлер менен аялдардын коопсуздугун камсыздоого бурулду.
Мындай алдын алуучу иш-чаралар кызматкерлердин билимин жана практикалык даярдыгын жогорулатууга, ошондой эле мекемедеги коопсуздук маданиятын чыңдоого өбөлгө түзөт.














