Бишкек шаарында Киев жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан мэриянын жанына өрт чыгып, чоң түтүн булуту пайда болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алгачкы маалыматына караганда, өрт курулуш материалдарынан башталган.

Өрттү өчүрүү үчүн саат 14:50дө эки өрт өчүрүү бригадасы жөнөтүлдү.

Азырынча өрт мэриянын имаратын каптап калганы же жабыркаганы белгисиз, ошондой эле өрттүн аянты жана жабыркагандар тууралуу так маалыматттар алынууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кошумча маалыматтарды кийинчерээк берерин билдирди.