Бишкек шаарында Айтматов проспектиси боюнча өрт чыккан учурда Талгат Каныбек уулу аттуу бетономешалка айдоочусу өрт өчүрүү кызматтары келишине чейин өз алдынча өрттү өчүрүүгө аралашкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаарындагы башкармалыгы бул аракетти жарандык жоопкерчилик жана чечкиндүүлүк катары баалап, Талгат Каныбек уулууга ыраазычылык кат жана эскерүү саатын берди.

Протянуть руку помощи ради безопасности людей в сложной ситуации — пример настоящей гражданской ответственности и мужества.
ӨКМ Бишкек башкармалыгынын башчысы

Министрликтин маалыматы боюнча, айдоочунун өз убагында көргөн аракеттери өрттүн жайылышын токтотууга жана анын кесепеттерин азайтууга себеп болгон.

Ушундай учурларда элдин бири-бирине жардам берүүү коомдогу биримдикти жана өз ара жоопкерчиликти күчөтөт.