«Мени Бишкек шаарынын мэри кылып дайындоо пландалып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт», — деди Курулуш министри Нурдан Орунтаев бүгүн, 5-ноябрда журналисттер менен жолугушууда.
Ал учурда Бишкек шаарынын мэри болуп Айбек Джунушалиев иштеп жатканын, анын ордуна умтулуу туура эмес экенин баса белгиледи.
Орунтаев кызмат орундарына дайындоо маселелерин мамлекеттин жетекчилиги гана чече аларын кошумчалады.


















