ЖККУга мүчө мамлекеттердин аймагында өткөн «Канал-Каспий маягы» антибаңгизат операциясынын алдын ала жыйынтыктары чыгарылды. Бул тууралуу Орусиянын ИИМ басма сөз кызматы билдирди.
Операцияга Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, ошондой эле Кытай менен Ирандын укук коргоо органдарынын 11 миңден ашык кызматкери тартылды.
Биргелешкен иш-чаралардын жүрүшүндө 790 баңгизат кылмышы, анын ичинде 81 контрабанда фактысы аныкталып, 101 баңгизат тобу ашкереленди. Баңгизат кирешелерин легалдаштыруу боюнча алты факт катталды. Баңгизат кылмыштары үчүн 376 адам кармалды.
Операциянын негизги көрсөткүчтөрү
Операциянын негизги максаттары — ЖККУ жоопкерчилик зонасына баңгизаттарды алып келүү каналдарын жабуу, Транскаспий эл аралык транспорттук каттамындагы баңгизат аткезчилигине каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатуу, эл аралык трансулуттук баңгизат топторун нейтралдаштыруу, жашыруун баңгизат өндүрүшүн жоюу жана баңгизат бизнесинин экономикалык негиздерин талкалоо болгон.

















