Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Бишкек шаардык курулуш жана архитектура башкы башкармалыгынын, Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл департаментинин, Бишкек мэриясынын өкүлдөрү, ошондой эле курулуш компанияларынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда курулуш объектилеринде өрт коопсуздугунун талаптарын сактоо, өрттүн алдын алуу, өрт өчүрүү каражаттарынын даярдыгы, өрткө каршы коргоо системаларынын иштеши жана эвакуациялык жолдордун белгиленген талаптарга ылайык келиши каралды.

Өзгөчө көңүл аныкталган бузууларды өз убагында жоюуга, алдын алуу иштерин күчөтүүгө жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча конкреттүү чараларды көрүүгө бурулду.

Кеңешменин негизги максаты — курулуш объектилеринде өрт коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу, мамлекеттик органдар менен курулуш уюмдарынын өз ара аракетин бекемдөө, ошондой эле жарандардын коопсуздугун жана алардын өмүрүн коргоону камсыздоо.