Коом
Материалдар: 5102
Чиркейлерден сактануу: Бишкектин саламаттыкты сактоо борбору эскертүү берди
Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борбору жарандарды чиркейлер аркылуу жугуучу коркунучтуу инфекциялык оорулардан, өзгөчө безгектен сактануу чараларын сактоого чакырды. Адистердин айтымында, чиркейлер адам ден соолугу үчүн эң кооптуу оору таратуучулардын бири болуп саналат.

Баткен районунда мектептер, бала бакча жана ФАП курулушунун жүрүшү текшерилди
Баткен районунда бир катар социалдык объектилердин куруп бүтүүсүнүн абалы министрликтин өкүлдөрү тарабынан көзөмөлгө алынды. Айырбас, Жаңы-Жер айылдарындагы 500 орундуу мектептер, ошондой эле Жаңы-Достук айылындагы мектеп, бала бакча жана ФАПа куруп жаткан жайлар тыкыр текшерилди.

Өзгөн районунда эркектер кафеде эсеп төлөөдөн баш тартып, администратор аялды сабады
Өзгөн районундагы кафелердин биринде эки эркек эсеп төлөөдөн баш тартып, конфликт чыгарган. Кармашуу маалында алар 42 жаштагы администратор аялды сабап, ооруканага жеткирилген. Бул окуя 21-июлдан 22-июлга караган түнү болгон.

Ошто аял менен баланын сабалышы видеого түшүп калды: милиция териштирүү баштады
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы социалдык тармактарда үй-бүлөлүк зомбулук фактысы тартылган видео жарыялангандан кийин текшерүү баштады. 2023-жылдын 22-декабрында тартылган делген видеодо аялдын жана баланын сабалышы көрсөтүлгөн.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында «Биримдик кербени» республиканы кыдырат
Улуттук тарых музейинде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 40 күн калган маалда расмий иш-чара өтүп, анын алкагында маданий программа жана улуттук руханий-маданий «Биримдик кербени» коомчулукка сунушталды. Бул демилге Кыргызстандагы 40 регионду камтып, көчмөндөрдүн баалуулуктарын жайылтууну максат кылат.

Чолпон-Атада жаанда тайып жыгылган турист оор жаракат алды
Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында эс алып жүргөн жаран оор жаракат алды. Кечээ, жаан жаап жатканда турист тепкичтен тайып жыгылып, буту сынып кеткен. Аны Бишкекке тез жардам менен жеткиришти.

Таласта мамлекеттик программа боюнча 319 ипотекалык батирдин курулушу аяктады
Талас облусунун «Тынчтык» кичи районунда мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында курулган 319 батирлүү турак жай комплексинин курулушу толугу менен аяктады. Бул батирлер аймактын жашоочуларына Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жеңилдетилген шарттарда берилет. Бүгүн, 24-июлда батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземи өтөт.

Баткендеги сел жолдорду, үйлөрдү жабыркатып, балдар эвакуацияланды
Баткен облусунда катуу жаандан кийин сел жүрүп, жолдорго, турак жайларга жана административдик имараттарга зыян келтирди. Кырсыкка байланыштуу жарандык коргонуу кызматтарынын жыйыны өткөрүлүп, балдар коопсуз жайга эвакуацияланды.

Теплоключенка айылынын тургундары крандардан аккан ылай боз сууга нааразы
Ысык-Көл облусунун Теплоключенка айылында тургундар ичүүчү суунун сапатына нааразы болушууда. Экинчи күндөн бери крандардан боз түстөгү ылай суу агып жатат, аны ичүүгө да, тиричилик муктаждыктарына да колдонууга мүмкүн эмес деп билдиришти.

Бишкекте Аалы Токомбаев проспектисине ШКУ саммитине карата 600дөн ашык дарак отургузулат
Бишкек шаарындагы Аалы Токомбаев проспектисинде Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитине даярдык көрүү алкагында жашылдандыруу иштери кызуу жүрүүдө. Бул аймакка 600дөн ашык дарак отургузуу пландалууда.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында «Биримдик кербени» старт алды
Бишкектеги Улуттук тарых музейинде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 40 күн калганына арналган расмий иш-чара болуп өттү. Анын алкагында коомчулукка Оюндардын маданий программасы көрсөтүлүп, «Биримдик кербени» деп аталган жалпы улуттук демилге башталды.

Бишкекте Winx мерчинен улам фастфудда чоң кезектер пайда болду: кыздар жигиттерге нааразы
Жакында Бишкек шаарындагы фастфуд түйүндөрүнүн жанында узун кезектер пайда болуп, шаар тургундарынын көңүлүн бурду. Бул көрүнүш Winx Club франшизасы менен уюштурулган өнөктөштүк жана брендделген мерч камтылган азык-түлүк наборлорунун сатылышы менен байланыштуу болду. Социалдык тармактарда колдонуучулар, өзгөчө кыздар, мерч сатып алууну каалагандардын арасында жигиттердин көптүгүнө таң калышып, нааразычылыктарын билдиришти.











