Безгек — жугуштуу чиркейлердин чагуусу аркылуу адамга жугуучу эң кооптуу мите оорулардын бири. Инфекцияны Anopheles тукумундагы ургаачы чиркейлер таратат. Бул ооруну плазмодий аттуу мите козгойт. Чиркей оорулуу адамды чакканда инфекцияны жуктуруп алып, кийин башка адамдарга өткөрүшү мүмкүн.
Безгектин негизги белгилери
- Дене табынын көтөрүлүшү
- Чыйрыгуу жана калтыратма кармоо (эки-үч күндө бир кайталанышы мүмкүн)
- Катуу тердөө
- Баш оору
- Алсыздык жана жалпы ал-абалдын начарлашы
Оор учурларда адам эсин жоготушу мүмкүн. Безгектин өзгөчөлүгү — оорунун белгилеринин мезгил-мезгили менен кайталанышы.
Дарылоо жана татаалдашуулар
Оорунун алгачкы белгилери байкалганда дароо медициналык жардамга кайрылуу зарыл. Эгер өз убагында дарыланбаса, безгек аз кандуулукка, боордун, көк боордун жана башка ички органдардын жабыркашына, ошондой эле организмдин жалпы алсырашына алып келиши мүмкүн. Оору эрте аныкталып, туура дарыланса, толук айыгууга болот.
Чиркейлерден кантип коргонууга болот?
Адистер безгектин алдын алуу үчүн чиркей чактырбоого аракет кылууну сунушташат. Ал үчүн төмөнкү чараларды көрүү керек:
- Терезе жана эшиктерге чиркейге каршы тор орнотуу
- Репелленттерди колдонуу
- Чиркейлер көбөйө турган жерлерди жок кылуу
- Суу топтолуп калуусуна жол бербөө
- Арыктарды жана суу сактагычтарды өсүмдүктөрдөн тазалоо
- Айлананы таза кармоо



