Өзгөн районунда эки эркек кафеде ызы-чуу салып, администраторду сабаган.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, мушташ тууралуу билдирүү Өзгөн РИИБге 22-июлда түшкөн. Окуя 21-июлдан 22-июлга караган түнү саат 02:20 чамасында Дон-Булак айылындагы Пивзаводдун жанындагы кафеде болгон.

Алдын ала маалыматтарга караганда, мас абалындагы эки кардар эсеп төлөөдөн баш тартып, чыр чыгарышкан. Чыр-чатак учурунда алар 42 жаштагы кафе администратору А.К. аттуу аялды сабашкан.

Социалдык тармактарда жарыяланган видеодо эркектердин аялды уруп, чачынан сүйрөп жатканы көрүнөт.

Жабырлануучунун кызы социалдык тармактарда билдиргендей, токмок жегенден кийин аялдын эки колу тең сынган жана учурда оор абалда ооруканада жатат.