Ош шаардык ички иштер башкармалыгы социалдык тармактарда үй-бүлөлүк зомбулук фактысы тартылган видео жарыялангандан кийин текшерүү баштады.
Видеону юрист Адилет Мерканов өзүнүн Instagram-аккаунтунда 23-июлда жарыялаган. Анда Ош шаарынын айылдарынын биринде аял менен баланын сабалышы көрсөтүлгөнү айтылган.
Социалдык тармактарда жарыяланган видео 2023-жылдын 22-декабрында тартылганы кийинчерээк аныкталды.
Учурда жубайлар чогуу жашабайт. Аял милицияга арыз жазуудан баш тарткан.
Буга карабастан, бардык жагдайларды толук жана объективдүү аныктоо үчүн Т.Ж. аттуу жаранга карата текшерүү улантылууда.





