Талас шаарынын «Тынчтык» кичи районунда мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында курулган 319 батирлүү көп кабаттуу турак жайлардын курулушу толугу менен аяктады. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Аталган турак жайлар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен курулган. Маалыматка ылайык, батирлер Талас облусунун жашоочуларына Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жеңилдетилген шарттарда берилет.

Ипотекалык шарттар жылдык 4% жана 8% менен каралган. Жаңы батир ээлерине ачкычтарды расмий тапшыруу аземи бүгүн, 24-июлда өткөрүлөт.