Иштер Чортеков көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейинки тилкеде жүрүп жатат. Мэриянын маалыматы боюнча, бөлүп турган тилкеге топурак даярдалып, заманбап автоматтык сугаруу системасы орнотулган.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев иштердин жүрүшүн текшерип чыкты. Ал жооптуу кызматтарга жаңы отургузулган жашыл өсүмдүктөрдүн аман калышын камсыз кылуу үчүн аларды үзгүлтүксүз сугарып, тийиштүү деңгээлде кам көрүүнү тапшырды.

Дарактарды отургузуу аяктагандан кийин проспектиде жашыл газондорду жасоо, бир жылдык гүлдөрдү отургузуу жана аймакты көрктөндүрүү иштерин улантуу пландалууда.