Улуттук тарых музейинде «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 40 күн калды!» деген аталышта расмий салтанат болуп өттү. Анда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасы коомчулукка тааныштырылды.

Иш-чарага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, oюндардын маданий программасынын башкы режиссеру Алтынбек Максутов баштаган көптөгөн өкүлдөр катышты.

Маданият программасынын негизги багыттары, өткөрүлүүчү аянтчалары жана негизги маданий иш-чаралары кеңири баяндалды. Перформанс, көргөзмө жана башка чыгармачыл оюндар дүйнөнүн 90дон ашык өлкөсүнөн келген конокторду күтүп турат.