Улуттук тарых музейинде өткөн «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 40 күн калды!» аттуу расмий иш-чаранын жүрүшүндө VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасы жалпы журтка сунушталды.

Иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын башкы режиссёру Алтынбек Максутов, маданий программанын координаторлору, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, блогерлер, өнөктөштөр жана чыгармачыл коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

«Биримдик кербени» башталууда

Расмий иш-чаранын алкагында Оюндардын эң ири маданий демилгелеринин бири – «Биримдик кербени» деп аталган жалпы улуттук руханий-маданий кербенге старт берилди. Ал 40 күн бою республиканын 40 аймагын кыдырып, андан соң Улуу көчмөндөр менен биригет.

Бул демилге көчмөн цивилизациясынын баалуулуктарын, кыргыз элинин маданий мурасын жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын духун жайылтууга багытталган.

«40 күн калды!» акциясы

Иш-чаранын өзгөчө бөлүгү «40 күн калды!» деген символикалык акция болду, анын алкагында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган бирдиктүү маалыматтык кампания расмий түрдө башталды.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары көчмөн элдердин тарыхын, маданиятын жана руханий баалуулуктарын жайылтууга багытталган эң ири эл аралык долбоорлордун бири болуп саналат.

Оюндардын маданий программасы кыргыз элинин бай маданий мурасын алга жылдырууга, эл аралык маданий кызматташтыкты чыңдоого жана маданий диалогду өнүктүрүүгө салым кошууну көздөйт.