23-июль күнү кечки саат 18:30 чамасында Баткен шаарында, Баткен жана Кадамжай райондорунда катуу нөшөрлөгөн жаандан кийин сел жүрдү. Бул тууралуу Баткен облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Сел суулары автомобилдик жолдорду, турак жайларды, короо-жайларды жана административдик имараттарды жабыркаткан. Кээ бир жол тилкелеринде транспорт кыймылы убактылуу токтотулуп, айрым аймактарда электр жарыгы өчүрүлгөн.

Пайда болгон кырдаалга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаевдин жетекчилиги астында аймактын жарандык коргонуу кызматтарынын ыкчам жыйыны өткөрүлдү. Жыйында селден жабыркаган аймактардагы кырдаал тууралуу маалымат угулуп, жооптуу кызматтарга кырсыктын кесепеттерин жоюу жана калктын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыкчам чараларды көрүү тапшырылды.

Биринчи кезекте Баткен районундагы “Алтын-Бешик” балдардын ден соолугун чыңдоочу лагеринен 30 баланы эвакуациялоо тапшырмасы берилген. Учурда балдар коопсуз жайда.

Азыркы учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жана облустук жарандык коргонуу кызматтары күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат.