Ысык-Көл облусундагы Теплоключенка айылынын жашоочулары ичүүчү суунун сапаты начарлап кеткенине нааразы болушту.
Алардын айтымында, экинчи күндөн бери крандардан боз түстөгү ылай суу агып жатат. Суу цемент аралашкан сууга окшош экени айтылууда.
Жергиликтүү тургундардын бири мындай сууну ичүүгө гана эмес, тиричилик муктаждыктарына да колдонуу мүмкүн эмес экенин билдирди. Ал абалдын келип чыгышына таң калып, жооптуу кызматтарга суунун сапатынын начарлашынын себептерин түшүндүрүп, көйгөйдү тез арада чечүү чараларын көрүү өтүнүчү менен кайрылды.






