Бахри Одилова килем токуу өнөрүн апасы 7-класстан баштап үйрөткөнүн айтат. Ал кезде ар бир кыздын себине килем киргендиктен, суроо-талап чоң болгон. «Мурда суроо-талап чоң эле, анткени килемдер ар бир кыздын себине кирчү. Ошондой эле бул биздин жашоо булагыбыз болчу», — дейт уз.
Оор мезгилдерде бул кол өнөрчүлүк ага жашоо тиричилигин өткөрүүгө жардам берген. Бахри эжемурда айына 2-3 килем токуп сатса, азыр заказ менен гана иштейт. Килемдердин баасы 65 миң сомго чейин жетет.
Токулган килемдердин баасы материалына жараша айырмаланат. Жүн килемдин көлөмү 2,5x4 метр болсо, 60 миң сом турат. Боёлгон килемдер 45–50 миң сом, эң кымбат араб килемдери (боёлбогон) 30–35 миң сом, түстүү килемдер 25–28 миң сомдон сатылат.
Чет өлкөгө экспорт
Бахри Одилова Бишкекте алты жыл атайын топто иштеп, алардын колунан жасалган килемдер Катар, Иран жана башка көптөгөн өлкөлөргө жөнөтүлгөн. Чет өлкөдө килемдер кымбатыраак сатылат.
Ак-Сайдагы цех
Өткөн жылы Ак-Сайда килем цехи ачылып, Бахри эжеге да ошол жерде иштөөнү сунушташкан. Учурда заказдарга жараша иштешет. Мурда керектүү материалдарды өздөрү жасашса, азыр сатып алышат.




























