Каракол шаарында ар жуманын дем алыш күнү иштеген мал базары — Ысык-Көл облусундагы эң ири базар. Бул жерге облустун бардык райондорунан тургундар малын сатууга алып келишет. Учурда базарга келгендерге ыңгайлуу болушу үчүн реконструкция иштери жүрүп жатат.

Муниципалдык соода базарынын жетекчиси Руслан Бейшеевдин айтымында, реконструкциянын жүрүшүндө базардын аянты кеңейтилет. Ага дагы эки гектар жер кошулуп, жалпы аянты 7,70 гектарга жетет.

Документтен

Базарда реконструкция иштери толук кандуу жүрүп жатат. Базардын инфраструктурасы заманбап талаптарга толук ылайыкташтырылууда. Жаңы чоң чатырлар орнотулат. Жолдор асфальтталат. Жарыктандыруу жана видеокөзөмөл орнотулат.
Руслан Бейшеев, муниципалдык соода базарынын жетекчиси

Ошондой эле базар ар бир мал түрү өзүнчө жайгаштырыла тургандай кылып уюштурулуп, автоунаа токтотуучу жай да пайда болот.

Базардагы малдын болжолдуу саны (эң жогорку мезгилде)

3000бодо мал
2000майда мал

Бул базарга ар жуманын дем алыш күнү, сезонго жараша мал айдалып келинет. Мисалы, эң жогорку мезгилде сатууга болжол менен 3 миң баш бодо мал жана 2 миң баш майда мал алып келишет.

Базарда курулуш иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу, мал соодасы убактылуу базардын сыртында, жеке менчик талаада (ээсинин макулдугу менен) өтүүдө.

Реконструкция иштери республикалык бюджеттен каржыланат.