Окуучулар жазуучунун бай чыгармачылык мурасы, жашоо жана чыгармачылык жолу, кыргыз адабиятына жана улуттук маданиятка кошкон салымы менен таанышышты.
Өзгөчө көңүл драматургдун чыгармалары боюнча театралдык коюуларга бурулду. Окуучулар анын чыгармаларынан үзүндүлөрдү көрсөтүп, чыгармачылык жөндөмдөрүн, артистизмин жана театр өнөрүнө болгон кызыгуусун тартуулашты.
Ачык сабактарда Бексултан Жакиевдин чыгармачылыгынын кыргыз адабиятындагы мааниси, элдин руханий жана маданий өнүгүүсүндөгү ролу, ошондой эле анын чыгармаларынын өсүп келе жаткан муун үчүн баалуулугу ачып берилди.
Мындай иш-чаралар окуучулардын улуттук адабиятка болгон кызыгуусун арттырууга, маданий мурасты сактоого, адеп-ахлактык баалуулуктарды, патриоттуулукту жана кыргыз элинин көрүнүктүү өкүлдөрүнө урмат көрсөтүүгө өбөлгө түзөт.

















