Бекказы Медетов буга чейин да райондун көйгөйлөрүн көтөргөнүн, бирок чечилбей келе жатканын айтты. Ал кыргыз искусствосуна эң көп кадр берген Жумгалдын театры азыр урандыга айланганына таарынычын билдирди.

Жумгалдын оорусун биз гана билебиз, жумгалдыктар. Мурда деле делегат болуп, көп сунуш киргизгем, бирок азыркыга чейин жооп жок, маселелерибиз чечилбейт. Бизде Жумгалда баары талкаланып жатат: силер айтып жаткан автобекет жок, театр жок, оорукана жок — кыскасы, биз, жумгалдыктар, бар шартта жашап жатабыз. Жаным ачышат. Кыргыз искусствосуна жана маданиятына эң көп кадрды дал ушул Жумгал берген, бардык белгилүүлөр — Жумгалдан. Ал эми биздин театр — мына ушундай. Тогуз-Тородо театр оңдолуп жатат, биздики жөнүндө эч ким үн катпайт.
Бекказы Медетов, Жумгал районунан делегат

Өмүр бою айыл өкмөтүндө жана жергиликтүү бийлик органдарында иштеген Эркебубуү Акматжанова Чаекти беш манжасындай билерин айтып, негизги үч маселени бөлүп көрсөттү.

Чаекте эч нерсе жок — автобекет да, театр да жок, жолдорубуз да мына ушундай. Борбордук канализация жок, ар кимибиз өзүбүзгө чуңкур казып алганбыз. Ушул үч маселе чечилсе эле — сонун болмок.
Эркебубуү Акматжанова, Жумгал районунан делегат

Темирбек Бакаев автобекеттин жоктугу тууралуу көп жылдан бери айтып келе жатканын, бирок айыл өкмөтү ал үчүн жер бөлүү маселесин да чече албай жатканын белгиледи. Ошондой эле ал Миң-Теке жана Чет-Кууган айылдарында медициналык пункттарды курууну жана ипотекалык турак-жай курулушун тездетүүнү сунуштады.

Делегаттардын негизги сунуштары

  • Автобекет куруу үчүн жер бөлүү
  • Миң-Теке жана Чет-Кууган айылдарында медпункттарды куруу
  • Ипотекалык турак-жай курулушун тездетүү
  • Борбордук канализация системасын орнотуу
  • Райондук театрды калыбына келтирүү