Райондук мамлекеттик администрациянын жыйындар залында 13-октябрда президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Эркинбек Чекиров социалдык пакеттер боюнча маселе көтөрүп, көмүр кендери кандай жардам көрсөтүп жатканын сурады.
«Кыргызкөмүр» ишканасынын Кара-Кече филиалынын жетекчиси Рахат Мадиев билдиргендей, Кара-Кече көмүр кени Байзак айылында жайгашкандыктан, жыл сайын 5 миллион сомдук социалдык пакет бөлүнөт, ал эми Миң-Куштагы көмүр кендери муктаждарга жалпысынан 1,2 миң тонна көмүр жеткирип берет.
Көмүр кендери бөлгөн жардам
Эркинбек Чекиров «Кыргызкөмүр» ишканасынан Нарын шаарындагы 200 муктаж үй-бүлөгө көмүр менен жардам берүүнү өтүндү.














