Иштин материалдарында көрсөтүлгөндөй, Калдарбек аскердик уставдардын талаптарын жана улуттук коопсуздук органдарына жүктөлгөн милдеттерди аткарууга тийиш болгон. Бирок мамлекеттик жана аскердик кызматтын кызыкчылыктарына каршы иш алып барып, психотроптук затты мыйзамсыз сатуу менен алектенген.
Иш боюнча айыпталуучу Мадина Калдарбектен 10 400 сомдук баңгизат заказ кылган. Ал акчаны электрондук капчыкка которгон. Затты сатып алууну аялдан таанышы суранган.
Калдарбек психотроптук затты Чүй облусунун Лебединовка айылындагы ресторандардын бирине алып келип, жакын жердеги электр берүү линиясынын тирөөчүнүн жанына калтырган. Ал WhatsApp аркылуу Мадинага жашыруун жайдын сүрөтүн жөнөткөн.
Мадина ресторандан Айбек менен чыккан. Жашыруун жайдын ичиндегилер тууралуу эч нерсе айтпастан, аял пакетти алып келүүнү суранган. Жигит пакетти күрткөсүнүн чөнтөгүнө салып, Мадинага кайтып келген. Ошол учурда Айбекти ИИМдин Баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери кармашкан. Алар затты алып коюшкан. Экспертиза анын жалпы салмагы 1,448 грамм болгон мефедрон экенин көрсөткөн.
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен Калдарбек күнөөлүү деп табылган. Ага мүлкүн конфискациялоо менен беш жылга эркинен ажыратуу жазасы дайындалган.
Документтен
Жогорку сот КР мыйзамсыз психотроптук зат – мефедрон саткан эркек кишиге карата күнөөлөө өкүмдөрүн өзгөртүүсүз калтырды.




















