Бишкек шаарынын вице-мэри Рахат Мусаева Ленин районунун тургундары менен жолугушту. Жолугушууга район акими Тариел Айтиев, ошондой эле шаардык кызматтардын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты.
Тургундар шаардык инфраструктурага жана жашоо сапатына байланыштуу бир катар орчундуу маселелерди көтөрүштү: коомдук транспорттун иши, аялдамаларды орнотуу жана жабдуу, жолдорду куруу жана оңдоо, жер амнистиясы, автобус каттамдарын уюштуруу.
Мэрия өкүлдөрү шаардыктардын кайрылууларын угуп, айтылган маселелер боюнча тиешелүү кызмат жетекчилерине андан ары иштеп чыгуу жана зарыл чараларды көрүү тапшырмаларын беришти.
Мындай жолугушуулар шаар бийлиги менен тургундардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө, жер-жерлердеги көйгөйлөрдү аныктоого жана аларды ыкчам чечүүгө багытталган.






























