Бишкектин Раззаков көчөсүндө «үлгүлүү көрктөндүрүү» иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Первомай районунун акими Улан Сарылбек уулу билдирди.
Анын айтымында, Туголбай Ата көчөсүнөн Боконбаев көчөсүнө чейинки жол инвестордун эсебинен реконструкцияланат. Ал эми инвестордун курулуш компанияларга эч кандай тиешеси жок экени баса белгиленди.
Аким аймакты текшерүү учурунда 21 кургаган, ийри же илдетке чалдыккан дарак аныкталганын айтты. Ал эми социалдык тармактарда бардык дарактар кыйылып жатат деген маалымат чындыкка дал келбей турганын түшүндүрдү.
Ошондой эле ортосундагы жашыл аймакта кошумча көрктөндүрүү элементтери, жөө жүргүнчүлөр жана воркаут аянтчалары уюштурулат. Раззаков/Чуйков көчөлөрүнүн кесилишиндеги эски балдар аянтчасы толук калыбына келтирилет.
Бардык тротуарлар бирдей стилде жасалып, ар түрдүү, ийри жана бузулган брусчаткалар асфальтка алмаштырылат.
Унаалардын агымы көбөйгөнүнө байланыштуу жолдун жүргүнчү бөлүгү бир аз кеңейтилет. Бирок жашыл аймак эсебинен эмес, унаа токтотуучу жайлар турган жерлерден. Кошумча 20дан ашык павловния көчөтү отургузулуп, газон жаңыланат. Ошондой эле автоматташтырылган сугат системасын орнотуу жана жарыктандырууну алмаштыруу пландалууда.
Инвесторлордун кызыкчылыгы тууралуу суроого аким алар аймакты көрктөндүрүп, үлгүлүү жол жасоону каалап, ордуна эч нерсе сурабай турганын айтты.

























