Бишкек шаарынын Киев көчөсү 2027-жылдан тарта толук реконструкцияланып, «Жашыл көчө» пилоттук долбоору ишке ашырылат. Бул тууралуу мэриянын транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаментинин башчысы Максат Жумабаев «Биринчи радионун» эфиринде маалымдады.
Жумабаевдин айтымында, жаңыланган көчөдө электробустар каттайт. Ошондой эле жөө жүргүнчүлөр, велосипедчилер үчүн шарттар түзүлүп, жеке мобилдүүлүк каражаттары үчүн өзүнчө тилкелер уюштурулат.
- Электробустардын каттамы
- Жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуулук
- Велосипедчилер үчүн шарттар
- Жеке мобилдүүлүк каражаттарына өзүнчө тилке
Генпландагы көрүнүш
Эске салсак, Бишкектин жаңы генералдык планында Киев көчөсүнүн борбордук бөлүгүн трамвай каттаган жөө жүргүнчүлөр проспектисине айландыруу каралган болчу. Бирок азыркы долбоордо трамвай ордуна электробустарга басым жасалууда.
Жаңыланган көчөдө электробустар каттайт. Жөө жүргүнчүлөр, велосипедчилер үчүн шарттар түзүлөт. Жеке мобилдүүлүк каражаттарына өзүнчө тилке уюштурулат.
Мэрия буга чейин аталган жолду реконструкциялоо пландары тууралуу билдирген, бирок иштердин мөөнөтү аталган эмес. Азыр 2027-жыл башталыш катары көрсөтүлүүдө.


















