Жогорку Кенештин депутаттары «Ар кандай маселелер» деген теманын алкагында өткөн отурумда өлкөнүн социалдык-экономикалык абалына тиешелүү бир катар маселелерди талкуулашты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Билим берүү жана жер маселелери
Депутат Дастан Бекешев жогорку билим берүү системасын реформалоо, окутуунун сапатын жогорулатуу жана санариптик чечимдерди киргизүү зарылчылыгына басым жасады. Ал билим берүү демилгелеринин борборун түзүүнү сунуштады.
Жаныбек Абиров Ленин районундагы жилка массивдериндеги жер участокторун жана турак жайларды жер амнистиясынын алкагында легализациялоо маселесин көтөрдү.
Инфраструктура жана мектеп курулушу
Сеидбек Атамбаев Лебединов айылынын тургундарынын кайрылууларын жеткирди. Анын айтымында, айылда коомдук транспорт, көчөлөрдү жарыктандыруу, көрктөндүрүү жана МТУнун иши боюнча маселелер бар. Ошондой эле Мичурин көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн суу менен камсыздоосун жакшыртуу жана чатырды капиталдык оңдоо зарылчылыгы белгиленди.
Талайбек Масабиров Сузак районунун Кызыл-Багыш айылындагы К. Юлдашев атындагы №72 орто мектебин курулушун бүтүрүү үчүн каражат бөлүүнү суранды. Учурда мектептин курулушунун даярдык деңгээли төмөнкүдөй:
Мектептердин курулушунун абалы
Курулуш иштери бүтө электиктен улам, окуучулар азырынча онлайн форматта билим алууга мажбур болуп жатышат.
Саламаттыкты сактоо
Райимберди Дуйшенбиев боорказ оорулардын өсүшүнө тынчсыздануусун билдирип, алдын алуу жана дарылоо иштерин күчөтүү керектигин айтты. Ал ошондой эле аймактык ооруканаларды жабдуу маселесин көтөрдү.















