Статистикалык маалыматтардын көрсөткүчтөрү боюнча, Бишкек шаары Кыргызстандагы базарлардагы жана соода борборлорундагы соода орундарынын саны боюнча лидерликке ээ болуп жатат.

Өлкө боюнча базарларда жалпысынан 86 344 соода орду бар. Анын ичинен 30 755 орду, же жалпы көрсөткүчтүн 35,6 пайызы Бишкек шаарына туура келет.

Облустар боюнча базардагы соода орундарынын саны

  • Бишкек30 755 орун
  • Чүй облусу13 806 орун
  • Ош облусу9 473 орун
  • Жалал-Абад облусу8 110 орун
  • Талас облусу7 408 орун

Tazabek

Облустар боюнча базардагы соода орундарынын саны
Бишкек30 755 орун
Чүй облусу13 806 орун
Ош облусу9 473 орун
Жалал-Абад облусу8 110 орун
Талас облусу7 408 орун

Базарлардын иштөө тартибине караганда, 62 306 соода орду күн сайын иштесе, 24 038 орун жекшемби күндөрү гана иштетилет.

Соода орундарынын түрлөрү боюнча эң көп орун кийим базарларында катталган. Мындан тышкары, аралаш базарлар, мал-жандык жана дан продукцияларын сатуучу базарлар, ошондой эле автоунаа жана автозапчастарын сатуучу базарлар да чоң үлүштү ээлейт.

29 001кийим базарлары
26 699аралаш базарлар
14 647мал жана дан базарлары
13 621автоунаа базарлары

Соода борборлоруна токтолсок, республика боюнча жалпы 8 038 соода орду бар. Алардын 6 054 орду, башкача айтканда 75,3 пайызы Бишкек шаарында жайгашкан.

Облустар боюнча соода орундарынын бөлүштүрүлүшү
ОшБаткен
  • Ош
  • Баткен

статистика · geoBoundaries, © OpenStreetMap

Башка аймактарда соода орундарынын саны төмөнкүдөй: Баткен облусунда 6 983, Ош шаарында 5 626, Ысык-Көл облусунда 2 465 жана Нарын облусунда 1 718 орун бар.